Биз жөнүндө

Мектептин тарыхы

1934-жылы Көк-Жар айылында алгачкы Көк-Жар мектеби ачылган. Алгач башталгыч мектеп уюшулуп, бара-бара 7 жылдык мектеп болгон. 1937-жылы Райымбек уулунун (Көк-Жар элинин) демилгеси менен эски мектептин корпусу (ашар) жолу менен курулуп башталган. Курулушту Эликбаев Майра жетектеген. Өкмөт эшик, терезелерине, жыгачтарына жардам берген. 1941 жылы Улуу Ата-Мекендик согуш башталганда толук бүтпөй калган. Мектеп 7жылдык толук эмес орто мектеп болгон.

1947-жылы сентябрь айынан баштап Көк-Жар орто мектебинин курулушу Кулматов Шамшидиндин жетектөөсү менен бүткөрүлгөн. 1961-жылы мектеп 8 жылдык, 1966-жылы орто мектеп болуп уюшулган. Азыркы мектептин корпусу алгачкы жолу 1991-жылы ошол учурдагы Сөң-Көл совхозунун каражатынын эсебинен 720 окуучуга ылайыкташтырылып, 3 кабаттык долбоордун негизинде курулуп баштап, дубалы тургузулган боюнча бүтпөй токтоп калган. Кийин 2004-жылы 480 окуучу ылайыкташтырылып 2 кабаттуу мектеп болуп бүткөрүлүп, ишке киргизилген. Бирок, спорт залы, актовый залы жана ашканасы бүткөрүлбөй  калган. 2018-жылдан баштап мектептин спорт залы, актовый залы ашканасы салынып, 2019-жылдын ноябрь айында ишке берилди.

Мектеп 1995-жылдын 27-декабрында Нарын облусунун юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөн.

2015-жылы 21-январда “Көк-Жар орто мектеби” мекемеси деп күбөлүк алган.

2018-жылы 14-августан баштап мектептин “Турдакун Усубалиев атындагы орто мектеби” мекемеси болуп өзгөрүлүп кайрадан Нарын облусунун юстиция башкармалыгынан каттоодон өттү.

 

Эмблема